www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Андижанда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, үч бала тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда болжол менен саат 19:15те "Дальварзин" махалласындагы С.Абдулла көчөсүндө үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Тилсиз жоону өчүрүү учурунда үй ээсинин 15, 13 жана 5 жаштагы жашы жете элек балдары 100 пайыз күйүк менен табылган.

Өрт өчүрүүчүлөр жерине саат 19:19да жетип келишкен, өрт саат 19:22де чектөөгө алынып, 19:32де толугу менен өчүрүлгөн. "Өрттөн үйдүн 180 чарчы метр аянтын сактап калууга мүмкүн болду. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын декабрь айында Бухарада өрттөн үч бала мерт кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости