www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешке кайталап шайлоого “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары катыша алат. Эксперт Айнура Усупбекованын сөзүнө таянып “24.kg” жазып чыкты.
Усупбекованын айтымында, аталган саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес. 4-октябрдагы добуш берүүнүн жокко чыгарылышына алардын иш-аракеттери себеп болгонун укук коргоо органдары далилдей элек.
«Ошондуктан, эгерде бул партиялар БШКга катышуу жөнүндө билдирүү жөнөтсө, анда шайлоо комиссиясы аны четке кагышы же кабыл албашы мүмкүн эмес. Негиз жок ”, – деди Айнура Усупбекова.
Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдарды 9-октябрда Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага жөнөткөн. Азырынча жооп жок.
Белгилей кетсек, буга чейин “Реформа” партиясы аталган саясий партияларды жана “Кыргызстанды” каттоону жокко чыгаруу талабы менен Юстиция министрлигине кайрылганы маалымдалган.
Эске салса кетсек, 5-октябрда БШК Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.
Булак: NazarNews.kg