www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Жалал-Абадда “Эмгек-өспүрүм” рейди өткөрүлдү

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.  

Рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынып, жашы жете элек кезинде иштеп жаткан 10 бала аныкталды. Алардын ата-энелери жана жакындары чакыртылып, тиешелүү жумуштар алып барылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди балдарын оор жумушка иштетпөөгө чакырып, аларды өз камкордугуна алууга үндөштү. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости