www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Алгынбай Имаров Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаары жана ага  жакын жайгашкан айыл өкмөтунүн карыялары менен жолугушту.

Талапкер партиянын атынан ата-апаларды эл аралык күнү менен куттуктап, “Карысы бардын ырысы бар” дейт. Бүгүнкү эл аралык майрамыңыздар менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Сиздерге ден соолук, күч-кубат, бакубат жашоо, узак өмүр каалаймын! Дайыма жакшылыктардын үстүндө уул-кыздарыңыздардын урмат-сыйын көрүп, эч качан оорубаңыздар. Төрдүн көркүн ачып бар болуңуздар”, - деди. 

“Тынч бакубат жашообузга сиздер себепкерсиздер. Анткени Сиздердин талбаган эмгегиӊиздер,  учурдагы биздин бакубат жашообузду алып келди. Биз сиздерге ыраазычык билдирип сиздер түзүп берген бул жашоону татыктуу улантууга тийшпиз жана өмүр бою карыздарбыз”, - деди талапкер А.Имаров.

Ал ошондой эле социалдык чөйрөдө партия ишке ашыра турган башкы милдеттерден болуп, жарандардын  эмгектенгүүгө болгон конституциялык укугун жүзѳгѳ ашыруу жана айлык акы, пенсиянын, жөлөк пулдун ѳлчѳмүн жарандардын биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк берген деңгээлге чыгаруу, экенин айтып өттү.

Алгынбай Имаров жыйынтыктоочу сөзүндө, “Элибизде тынчык болсун. Кыргыз Республикасы өнүккөн мамлекет болуп алдыга суурулуп чыксын. Тынч жана жыргал жашоо баарыңыздарга насип этсин! Ар бир үйдо, элибизде токчулук, молчулук болсо, мамлектибизде да өнүгүү болот”,- деди.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Последние новости