www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагында балдар үчүн 2 миң 356 орундук даярдалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ооруканаларына балдарды жаткыруу боюнча кайрылуулардын активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган жок, орундардын резерви бардык стационарларда бар.
Республика боюнча балдарды ооруканага жаткыруу 5 балдар стационарында жүрөт. Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасы, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы, Кара-Суу балдар ооруканасы жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы.
Ошондой эле облустук жана аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрү.
Булак: NazarNews.kg