www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Майдан.kg” гезитинин ушул жылдын 23-майындагы санына “Раиса Атамбаева окуган Ломоносов мектеп-гимназиясы кулаганы араң турат” деп кашкайган чындыкты гана тызылдап жазганбыз. Анда аталган билим журту өткөн кылымда, 1926-жылы эч жерпайсыз курулгандыгын, 1928-жылы пайдаланууга шашылыш тапшырылгандыгын, жыл өткөн сайын улам чөгүп бараткандыгын баса белгилегенбиз.

Ошентип, сөздүн кудуретин караңыз. Билим журтунун жетекчилигинин жана ата- энелердин үнү “Майдан” гезити аркылуу Кудайдан мурун биринчи Канайым аркылуу өлкөбүздүн президенти Алмазбек Атамбаевге чындап жеткен өңдөнөт. Аталган мектеп- гимназиянын жаңы имаратынун курулушу көзүбүздү жумуп-ачкыча моминтип башталып олтурат.

Мурат ЖОРОЕВ, куруучу: - Ушул тапта күн узарып деле калбадыбы. Таң аткандан каш карайганга дейре эч жан тындырбастан иштеп жатабыз. Жумушчулар үчүн заманбап бардык шарттар жаратылган. Үч маал ысык тамак ичип турабыз. Маянабыз, кудайга шүгүр, убагында гана колго тийип жатат. Көз тийбесин, башка жерде иштегендерге караганда дурус эле айлык алат экенбиз.

Кадыржан МАМАЖАНОВ, куруучу: - Ушунусуна шүгүр, биздин ишканабызда кудайдан жөө качкандар эмес, жалаң гана иштермендар чогулуп калыппыз. Бирибизди экинчибиз айттырбастан, көз аркылуу гана түшүнөбүз. Эң башкысы- ынтымагыбыз абдан күч. Ар улуттун өкүлдөрү бир атанын баласындай чогуу-чараан эмгектенип жатабыз. Курулуш материалдары дээрлик жетиштүү.

Эң башкысы таңкыс эмес! Мында “БЕКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчилигинин мээнети абдан эле чоң. Анан алардын ар бир аракети толук кандуу мактоого дагы абдан арзыйт. Булар бизге такай камкордук көрүп, көйгөйлөрүбүздү убагында тыңдап жана создуктурбастан эле жеринде шарт чечип турушат.

Ош шаарындагы № 3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын жапжаңы имаратын тынымсыз куруп жаткан “БЭКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчиси Уланбек Мамытовду дагы жумушчулардын арасынан дароо эле таптык.

- Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы № 3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп- гимназиянын 500 орунга ылайыкташтырылган үч кабаттуу имаратын, буюрса, 31- августта, Кыргызстандын эгемндүүлүгүнүн күнүндө, пайдаланууга биротоло тапшырмакчыбыз. Ошону үчүн буга азыр бар күч-аракетибизди жумшап, абдан катуу жан үрөп иштеп жатабыз, - деп кепке кошулду “БЭКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчиси Уланбек Мамытов. – Андыктан, 48 курулушчу азырынча тыным билбестен кечке дейре иштеп атышат.

Булардын санын зарылчылыкка жараша дагы бара-бара көбөйтөбүз деген ниетибиз бар. Биз эч шашылбастан, заманбап мектеп-гимназияны абдан сапаттуу салып, окуучулардын, мугалимдердин жана ата- энелердин алкышын жана ак батасын алсак деп гана турабыз. Ошол – биз үчүн чоң сыймык!

Азырынча сыр кылып туралы. Ош шаарындагы № 3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратын жаңы окуу жылына карата тапшыруу аземине өлкөбүздөгү үлкөн жетекчилер катышаары күтүлүүдө. Анда эмне жөнүндө сөз айтылат. А жөнүндө дагы өзүнчө жана убагында кең- кесири баяндамакчыбыз.

Булак: «Майдан.кg»

Последние новости