www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заманга жараша кыздардын супсулуу болуп чыга келиши заматта болуп калбадыбы. Айрымдар өзүнүн табигый сулуулугун баса белгилөө үчүн сулуулук салондордун кызматына кайрылса, айрымдар тескерисинче жүзүндөгү кемчиликтерди жашырып же болбосо жакпаган жерлерин түзөтүү максатында кайрылышат. «Түрү суук айым болбойт, өзүн каранбаган айымдар болот» деген сөздү айгинелей, бүгүн «Мэрэлина» сулуулук салонунун жетекчиси Мээрим Садатбекова менен сулуулуктун сырлары тууралуу кеп курдук. Өзүнүн жаш экендигине карабай Мээримдин сулуулук жаратуудагы өзгөчө таланты кардарлардын ыраазычылыгы менен коштолот.

—Мээрим, айтсаң учурда кошумча сулуулук дейбизби же жасалма сулуулук дейбизби, кардарларыңдын көпчүлүгү кайсы кызматтарга кайрылат?

—Биздин салон башка сулуулук салондордой эле, кардарларды ар тараптан тейлөө кызматтары бар. Азыр бизге көбүнчө каштарын боео, кирпик кошуу боюнча көп кардарлар кайрылат. Мындан тышкары тырмак боетуу боюнча дагы салондон киши үзүлбөйт. Чачтарды ар кандай түрдө боео, кестирүү, жасалгалоо же чач кошуу сыяктуу кызматтар да бар.

—Кашты боео деп калдың, ушуга кененирээк токтолсоң?

—Кашты боенун көп түрү бар. Анын ичинде хна, атайын боек же 2-3 жылга жетчү боектордун атайын түрлөрүн колдонобуз. Мындай ыкмалар кыздарыбыздын күнүмдүк жашоосунда убакытын бир кыйла үнөмдөп, күзгүнүн алдында азыраак туруусуна шарт түзөт. Мындан тышкары өзүн каранып жүргөн ар бир айым, жагымдуу, сулуу болуп, айланадагыларына да оң энергияны тартуулайт. Каштын көпкө боегу өчпөй турган татуаж жана растущевка түрлөрүн жасайбыз. Калганы кардардын каалоосуна жараша.

—Кашты боеодо кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

—Биз кардардын каалоосун эске алып, ал каалагандай боегонго аракет кылабыз. Кимдир бирөө бир айга жеткен жөнөкөй боекту тандаса, айрымдар көпкө кашы тууралуу унуткусу келип, узак мөөнөттү тандайт. Бардык эле айымдардын каштары калың эмес да, ошондуктан учурда каштарын табигый көрсөтүү үчүн биздин салондорго кайрылышат. Ал эми чектөөлөр тууралуу айтсак, айымдарга бала эмизген учурда, айызы келген учурда же спирт ичимдиктерин ичкен маалда боео сунушталбайт. Анткени боек териде жакшы кармалбай, же боелгондон кийин кызыл, күрөң түстөргө өтүп кетүүсү мүмкүн. Кашты атайын боеодо организм таза жана саламат болушу керек.

—Силерде эриндерди дагы боео кызматы бар экендигин билем. Мындан организм кандайдыр бир деңгээлде жапа чегеби?

—Оозду, эриндерди бое тууралуу кеп кылсак, кашка салыштырмалуу бир аз опурталдуу болушу мүмкүн. Анткени ооз организмдеги эң назик жерлердин бири. Оозго боек берүү жасалып жатканда, эриндин териси чочуп калуусу мүмкүн. Бул организмден көз каранды. Ооруксунуулар бир айда тарап кетет. Бизде кашка жана оозго жасалуучу боектордун жеңил түрү гана колдонулат. Ал эми эринди чоңойтуу, ботокс жасоо бизде жок.

—Илгери кадимки классикалык тырмак боегуч менен маникюрдун бир эле түрүн колдонушкан. Учурда заманга жараша тырмагыңызды түркүн формада, каалаган дизайнда, кааласаңыз узун кылып «коштуруп», кааласаңыз, кыска кылып сулуулап алууга болот эмеспи. Азыр айымдар арасында шеллак модада сыяктуу…

—Илгери ошондой болчу андан кийин 2000-жылдан тарта тырмакка кошуп өстүрүү модага айланган. Негизи колуна кам көрүп, тырмактарын ирээтке келтирип алган айымдардын сулуулугу толукталып калат. Учурда айымдар арасында кеңири тараган шеллак (гель лак) тууралуу сөз кылсам, бул деле келип отуруп убакытка такалат, шеллак менен боелгон тырмак бир айга чейин кармалат. Жөнөкөй лактан айырмаланып кайра-кайра боеп, убактыңыз коробойт. Азыркы кыздар көп деле жумуш жасабайт эмеспи, андыктан тырмактагы боек көпкө сакталат.

—Тыйындын эки тарабы бар дегендей, зыяндуу жактарын айта кетсең, окумуштуулар тарабынан шеллак организмге зыяндуу деп табылыптыр?

—Ар бир нерсенин жакшы жана жаман жагы бар сыяктуу, маникюрдун бул түрүнүн да зыяндуу жактары бар. Айтсам, тырмакка улам шеллак жасала берсе, тырмактын үстүнкү катмары жабыркайт, жукарат, тырмактын үстүнкү бөлүгү одуракай болуп калуусу мүмкүн. Буга лампанын ысыгы да таасир берет. Ошондуктан 3 ай катары менен жасатсаңыз, тырмакты кайра 2 ай эс алдыруу талапка ылайык. Эс алгандан кийин тырмак өзүнө келет. Мунун эч коркунучу жок. Тырмак деле чач сыяктуу өсүп турат да.

—Баалары жөнөкөй айымдардын капчыгына туура келеби, дегеним айрым салондордо жөн эле маникюрдун кызматы 4 миңди чапчыгандарды уктум?

—Биздин салондо эң ийкемдүү баалар. Ошол эле кашты боетуу боюнча, чач кестирүү, жасатуу, маникюрдук кызматтардын баалары элдин капчыгын эсепке алып коюлган. Бардык эле салондор бирдей продукцияны колдонушат, бир жерден алабыз дегендей. Асман чапчыган баалар салондун брендин колдонушу мүмкүн. Кашты боенун түрлөрү 2000-3000 болсо, маникюр кызматы 400дөн 1500 сомго чейин жетет. Биз баш айланткан баадан алыспыз.

—Кардарлар арасында нааразычылыктар болгон эмеспи?

—Башында бирин-экин кардар нааразычылыктарын билдирген. Ал убакта салон жаңы ачылып, адистер да такшала элек болчу. Акыркы күндөрү кардарлардан ыраазычылыктарын жана жакшы гана сөздөрүн угабыз.

—Кардар менен адистердин ою төп келбей калган учурлар болгонбу?

—Бизге ар түрдүү кызматтар менен кайрылышат. Бардык кардардын бет түзүлүшүн эске алып, эмне жарашат, кандай жарашпайт, алдын ала кеңешебиз. Кайрылган кардарлардын арасында боекко өтө берилип, капкара же ачык түстө жасоону суранышканда баш тартууга туура келет. Себеби эртең кардар өз оюнан кайтып, өкүнүп калышы мүмкүн. Ошондуктан «жакпаган сунуштарга» жок дейбиз.

—Кыздарга сулуулукка кам көрүүнүн жөнөкөй жолун айта кетсең?

—Негизи кыздарыбыз ашыкча косметиканы колдонуудан качышса. Ар дайым келбетке кам көрүп, анын ичинде эң негизгиси бет териси тууралуу айтсам, дайыма уктоонун астында бетти жакшылап тазалап, косметиканын калдыктарынан арылуу керек. Андан кийин бетти нымдандыруучу бет майдан сүйкөп коюу керек. Ошондо жаштык узакка сакталат. 30 жаштан кийин гана өз сулуулуктарын баса белгилөө максатында жасалма сулуулуктарга кайрылышса жакшы.

—Каш боео боюнча региондорго чейин барып, каалоочуларды тейлеп келесиң, мындан сенин кызматыңа болгон суроо-талап көп экендигин билсе болот. Салонду кеңейтүү пландар барбы?

—Менин жасаган иштерим көпчүлүккө жагат, бул мактаныч эмес. Өздөрү «качан келесиз» деп күтүп алышат. Бул мага жагымдуу. Суроолор боюнча июнь айында казак боордошторго барып каш боенун түрлөрүн жасайм. Ал эми июль айында болсо Москвага аттанганы турам. Ал жактан орус сулуулоочулар аларга мастер-класс өтүүмдү суранышкан. Ошол иш-сапары менен мекендештердин сулуу болушуна да кызматымды көрсөтүп келейин деген ойлор бар. Мындан тышкары жакынкы аралыкта Бишкекте салонумду кеңейтип, 20дай кыз-келиндерди жумуш менен камсыздап, окутуу борборун ачайын деген ой-максаттар алдыда.

—Ишиңе ийгилик анда, кадамың арыштай берсин!

Булак: "de-facto"

Последние новости