www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу укук коргоо органынан билдирди.
Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) 15-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-башчысы Космосбек Чолпонбаевди Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен камакка алган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтиришкени аныкталды.
Булак: NazarNews.kg