www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мария Колесникова, өкмөткө каршы митингдерди уюштурган 3 айымдын бирөөсү. Өлкөдөн чыкпоо үчүн паспортун айрып салган Колесникова нааразычылык акцияларын уюштургандыгы үчүн “коопсуздук мыйзамы боюнча” сот жообуна тартылат.

Беларуссиянын расмий өкүлдөрү Колесниковага “улуттук коопсуздукту жокко чыгарып, элди козголоң чыгарууга үндөгөн” деген айып тагылганын билдирди.

Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөрүнүн башында турган 3 айым 9-августта болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акциясын уюштурган. Берки экөө чет өлкөгө жиберилсе, Колесникова паспортун айрып, өзүн Беларуссиядан кетирип жаткан өкүлдөрдүн ишин токтотуга жетишкен.

Шаршемби күнү билдирүү жасаган Беларуссиянын тергөө комитети Колесниковага тиешелүү айыптардын “медиа жана игтернет аркылуу Беларуссиянын улуттук коопсуздугун жокко чыгаруу аракети” себеби менен такталгандыгын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости