www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде коомдук жайларга көзөмөл күчөтүлдү

Облусттук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы Баткенде коомдук жайларга көзөмөл күчөтүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, эпидемиологиялык абал боюнча элдин коопсуздугун сактоо максатында Лейлек район аймагында милиция кызматкерлери санэпид кызматкерлери менен чогуу мекеме-ишканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын, тойкана-кафелердин санитардык эрежелерин текшерүүдө.

«Кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп, күндүзгү жана түнкү рейддер уюштурулган. Коомдук жайларда, тойканаларда тартипке баш ийбей санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган тойкана ээлерине мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө», — дейт жергиликтүү милиция.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында жайгашкан «Раньо» тойканасында үйлөнүү тоюу өткөргөндүгү аныкталып, тойкананын администраторуна айып пул салынды.

Жалпысынан Лейлек район аймагында49обьект текшерилип, 15 мекеме-ишканаларга, 37 жеке ишкерлерге жана багыттардагы 28 коомдук транспорттун айдоочуларына эскертүү баракчалары берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости