www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында БШКнын 10 мүчөсү парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун Таласка болгон иш сапары учурунда үй-бүлөсүнүн атынан жаңы төрөлгөн Дастан аттуу баланын ата-энесине 50 миң сом жардам берген маселесин карап, "каршы" добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

"Кечээ күнү мен Дастан Жумабековдун маселесин кароону демилгеледим" деди ал. - Ошол эле күнү БШКнын 10 мүчөсү бул маселени комиссиянын отурумунда кароого "каршы" добуш берди. Даярдаш керек, ошону аныкташ керек дешти. Бүгүн жыйында ал боюнча кандай чечим кабыл алынаарын билебиз.

Эске салсак, бир күн мурун ЖКнын спикери Дастан Жумабеков Таласка болгон иш сапары учурунда үй-бүлөсүнүн атынан үй-бүлөгө жаңы төрөлгөн, Дастан аттуу баланы белек кылган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова буга реакция жасап, кесиптештерине депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековду же спикер ат салышып жаткан “Кыргызстан” партиясын каттоону жокко чыгарууну сунуштады.

Анын айтымында, парламент төрагасы "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын парламентинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын эки талабын - административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөө жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө талабын бузган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости