www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандардын алдыдагы шайлоого карата көз карашы боюнча "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан сурамжылоо жүргүзүлдү. 

"Жалпы иш" коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоого карата жарандардын көз карашы боюнча социалдык сурамжылоо жүргүздү.

Изилдөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы шайлоого катышууну пландаштырууда.

Шайлоого катышууга эң жогорку даярдык Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында байкалууда.

Респонденттердин 15 пайызы 16 партиянын кимисине добуш берерин билишет, алардын жарымы дагы жооп бере албай убара.

Сурамжылоого катышкандардын дагы 14 пайызы бардык партияларга каршы добуш бере тургандыктарын билдиришти.

Сурамжылоо 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости