www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго байланыштуу ишти кароону улантты. 

Бул күнкү отурумда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралды. Былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эксперттер "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деген көрсөтмө беришти.

- Сот тез жыйынтык чыгарыш үчүн процесстерди тез-тез өткөрүп, күн сайын коюп жатат. Кечээ, мурдагы күнү, бүгүн, эми эртең да уланат. Бүгүнкү отурумда менин митингде сүйлөгөн сөздөрүмдү тартып алган УКМКнын видеолору көрсөтүлдү. Төрт дискти бир саатча көрдүк. Бийлик тарабынан түзүлгөн топтун эксперти мына ошол видеону көрүп чыккандан кийин, “Аскарбековдун сөздөрүндө бийликти күч менен басып алуу чакырыгы жок” деп ачык айтты, - деди Аскарбеков.

Ал ошого карабай сот акыйкат чечим чыгараарынан шек санап жатканын айтууда. Процесс 16-февралда саат 16:00дө уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости