www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков борбор калаадагы кафелердин орус, англис тилинде аталып жатканын айтып, кейиди.
Алыкулдун ашканасы менен Токтогулдун тойканасы десе болот да. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Депутаттын айтымында, Бишкекте кыргыз тилинде аталган кафелер саналуу гана.
"Көчөдөгү жарнактардын 80-90 пайызы орус, англис тилинде. Эгемендик алгандан бери мен эки эле кыргызды көрдүм, Шайлообай, анан Жаңыбай. Шайлообайдын беш бармагы жана Жаңыбайдын самсасы деген бар экен. Калган кафелер Омар не хаям, Обама дейт. Эми Алыкулдун ашканасы, Токтогулдун тойканасы, Каныкейдин кафеси, Сайкал апанын салону десе деле болот да", — деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg