www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев эч кимди сабаган эмес. Бул тууралуу маалыматты шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматта шаардын вице-мэри Алмаз Бакетаев өз үйүнүн короосунда Ч.М. аттуу жаранды сабап салган деген маалымат чындыкка дал келбейт экендиги айтылат.
Алмаз Бакетаевдин өзү билдиргендей, ал үйүндө отуруп сыртта тепкичтер жактан ызы-чуу болуп жатканын уккан. Подъездге чыкканда аялдар менен эркек кишилердин чырына күбө болгон. Ал жактагылар кызуу кандуулукка алдырып урушуп жатканын, айрымдары канжалап жүргөнүн көргөн.
"Мушташты токтотуу керек эле. Себеби арасында аял кишилер менен бирге кичинекей балдар дагы жүргөн эле. Алардын арасынан бир эркекти эле подъездден тыш чыгарганга көп күчүмдү кетирдим. Урушуп жаткандардын кайым айтышуусу сыртта короодо уланды, бул көрүнүшкө кошуналар жана балдар күбө болушкан. Мен милиция кызматкерлерин жана сакчыларды чакырдым. Мушташтын себеби - ушул эле үйдүн жашоочусу болгон аял киши башка жашоочулардын балдарын уруп коюптур. Алардын арасында менин балам да бар. Мени мас болуп алып, бирөөнү сабаган деген маалымат калп", - деген биринчи вице-мэр.
Мэрия көзөмөлдөө камераларынан алынган видеодон деле уруп-сабоо фактысы болбогонун түшүнсө болорун белгилейт. Ошондой эле такталбаган, жалган маалымат үчүн сот жоопкерчилиги бар экенин эскертет.
Маалым болгондой, биринчи вице-мэр өзүнүн кадыр-баркын мыйзам чегинде коргоо ниети бар экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg