www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралууда. Кечээ, 28-майдагы отурумда беш күбө суралды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суралгандардын ичинде мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да көрсөтмө берген.

Иш убактысы аяктаганына байланыштуу кийинки соттук жараян 29-май саат 10:00гө дайындалды.

26-майдагы отурумда Батукаев абактан чыгарылган жылдары №24 колонияда дарыгер болуп иштеген М.Кайкиев жана дагы эки күбө суралган.

Ага чейин мурунку башкы прокурор Аида Салянова жана УКМКнын мурдагы төрагасы Шамил Атаханов көрсөтмө беришкен.

Эске сала кетсек, криминалдык төбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Росияга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. ИИМ ишти былтыр тергеп бүтүп, сотко өткөрүп берген. Аталган иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана 19 киши айыпталууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости