www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинада кожейкесинин өлүмүнө күбө болгон тоту куш сотто көрсөтмө берет. Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Буэнос-Айрестин прокурорлору 46 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иште тоту куштан алынган далилдерди колдонууну пландап жатат. Тоту куш 2018-жылы зордукталып өлтүрүлгөн Элизабет Толедонун акыркы сөзүн кайталап айткан. Шектүү катары маркумдун үйүндөгү бөлмөнү ижарага алып жашаган 51 жаштагы Мигеля Сатуриньо Ролон менен 62 жаштагы Хорх Рауль Альварез кармалган.

Полиция кызматкери Толедонун тоту кушу кылмыштан кийин «жок, суранам, мени кое бергилечи» деп айтканын уккан. Маркумдун кошунасынын айтымында, тоту куш «эмнеге мени чаап жатасың?» дегенин уккан.

Полиция тоту куш маркумдун сөзүн кайталады деп эсептейт.

Элизабет Толедо

подозреваемый  Хорхе Рауль Альварез

подозреваемый Мигель Сатуриньо Ролон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости