www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистин айтымында, банктар амалкөй келип, кредит берүүдө финансылык жактан анча сабатсыз кишилерди бат эле кылтагына илип алат.

Алгачкы жолу кредит алып жаткан адамдар кандай жагдайларды билиши керек? Бул тууралуу "Прайм" агенттигине юрист Вячеслав Голенев айтып берди.

"Нөлдөн баштап насыя алуу — бул жоопкерчиликтүү иш. Жаңы баштаганда өзгөчө этият болуш керек, анткени банктар амалкөй келип, финансылык жактан анча сабатсыз кишилерди бат эле кылтагына илип алат. Эгер адам өзүнө ишенбесе, консультант жалдап, баарын билип алганы жакшы", — деди Голенев.

Ошондой эле ал көңүл бура турган жагдайларды санап берди:

биринчиден, банк даярдаган документтин текстин кунт коюп окуш керек;

экинчиден, эгер акчаны убагында төлөй албай калса же пайыздарын кечиктирип төлөсө, кесепеттери кандай болорун адистен тактап алганы жакшы;

негизги сумма менен ай сайын төлөнчү пайыздын айырмасын билип алуу зарыл. Айрымдар ай сайын төлөнчү пайыздын суммасын көрүп, кубана беришет. Албетте, ал аз көрүнөт. Бирок көпчүлүк банктар негизги сумманы акыркы айларга калтырып коет.

Андан тышкары, насыя алып жаткан адам өзүнүн үй-бүлөлүк абалына көңүл бурушу керек. Голеневдун айтымында, акыркы жылдарда биргеликте насыя алып, бирок аны төлөп бүтө электе ажырашып кеткен жубайлар көп кездеше баштады. Мындай учурда ар кайсы банктын шартына жараша маселе ар кандай чечилет. Бирок сөзсүз сотко кайрылуу, көптөгөн документтерди тууралоо сыяктуу бир топ убакыт жана энергияны алган жумуштар бар.

Андыктан адис узак мөөнөткө жана ири суммадагы насыя алып жатканда жубайларга нотариус аркылуу кредиттик милдеттемелерин бекемдеп алууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости