www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык компания өзүнүн Жаңы Зеландиядагы аэродромунан космоско ракета учурду. Бул өлкөдөгү биринчи учуруу. Америкалык Rocket Lab аэрокосмостук компаниясынын эң жеңил класстагы Electron алып баруучу ракета Жаңы Зеландиянын Түндүк аралынын чыгыш жээгинен старт алды. Территориясынан космостук ракета учкан дүйнөдөгү өлкөлөрүндүн ичинен Жаңы Зеландия он биринчи өлкө болуп калды.
Electron алып баруучу ракетанын ылдамдыгы 27 миң км/саатты түзүп, старт алгандан кийин 2,5 мүнөттө орбитага жетти. Ракетанын ар бир учканы мындан ары 5 млн долларды түзмөкчү, бул ракета үчүн анчейин көп сумма эмес. Компания мурда эле быйылкы жылы чакан спутниктерди коммерциялык түрдө учурууну көздөп жаткан.
Булак: NazarNews.kg