www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Го оюну деген эмне?

Google Deep Mind компаниясы кытайлардын го оюну үчүн иштеп чыккан Alpha Go программасы дүйнөдөгү эң мыкты оюнчу – 19 жаштагы Кэ Цзеге каршы го ойноп, утуп алды. Бул машинанын го боюнча дүйнөдөгү эң мыкты оюнчуну утканы экинчи жолу болуп жатат. Кэ Цзе жасалма интеллектке үч партиянын экөөсүн уттуруп жиберди. Deep Mindдин негиздөөчүсү Демис Хассабис өз кезегинде Кэ Цзе эң мыкты ойногонун, Alpha Goнун болгон дараметин жакшы эле сынаганын баса белгиледи.

Го – бул тактай үстүндө ойноло турган, шахматка окшош, бирок жүрүү варианттары оголе көп, стратегиялык оюн. Аны 19х19 көлөмдөгү чатырашы бар тактайда ойношот. Го оюну Кытайда мындан бир нече миңдеген жылдар мурун пайда болуп, Жапония жана Кореяга чейин жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости