www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова абакта жаткан улуу кызы Гүлнара Каримованы көрүүгө тыюу салынганы тууралуу биринчи жолу айтты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.
Алгач Татьяна Каримова небереси Гүлнара Каримованын бүгүн, 17-июнда 25 жашка толгон кызы Имонду туулган күнү менен куттуктады.
“Мен неберем Иманды 25 жашы менен куттуктайм. Сиздерге бакыт, тынчтык жана сүйүү каалайм.
Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү сонун күндүн кубанычы толук эмес. Кызым Гүлнараны 21-колонияда көрүүгө уруксат беришкен жок...”,-деп жазган Татьяна Каримова.
Бүгүнкү күнгө чейин Татьяна Каримова улуу кызы тууралуу такыр айта элек болчу. Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара Каримова да, анын балдары да келген эмес. 2013-жылы Гүлнара Каримова апасын бир катар айыптоолорго жана ага байланыштуу уюмдардын жабылышына күнөөлөгөн.
Бул аптада биринчи президент Ислам Каримов коомчулуктун көңүл чордонунда болду. Кыздарына гана эмес, уулуна да тиешелүү. Айта кетсек, Каримовдун биринчи никесинен уулу Петр Каримов мурас маселеси боюнча Татьяна Каримованы сотко берген. Сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 26-июнуна белгиленген.
Гулнара Каримова кайда?
Акыркы маалыматтар боюнча, Гүлнара Каримова Ташкент облусунун Зангиота районунда жайгашкан №21 түзөтүү колониясында кармалууда. 2019-жылдын 14-мартында колонияга алынып келинип, 7-отряддын 2-секторуна жайгаштырылган (жалпы режим).
2020-жылдын 18-мартында кылмыш иштери боюнча Ташкент шаардык сотунда Гүлнара Каримовага жана ал уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишинин соттук отуруму аяктап, өкүм чыгарылган.
Жабык сот отурумунда айыпталуучулардын, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү угулуп, далилдер иликтенип, соттолуучулардын жактоочуларынын жүйөлөрү талкууланды.
Сот кылмыш ишинин материалдарын кылдат жана толук изилдеп чыгып, соттолуучу Гүлнара Каримованы кылмыштуу уюмду уюштуруу, опузалап акча талап кылуу, ыйгарып алуу жана талап-тоноо, кылмыштуу ишмердүүлүктөн түшкөн кирешени легалдаштыруу жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп тапты.
Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Кылмыш-жаза мыйзамдарынын нормаларына ылайык жана жаза бир нече кылмыштар жана жазалардын жыйындысы боюнча дайындалгандыгын эске алуу менен 2015-жылдын 21-августунан тарта жаза мөөнөтүн эсептөө чечими кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Гүлнара Каримова 2022-жылдын 8-июлунда 50 жашка чыкан. Анын уулу Ислам Каримов Лондондо жашайт. Үй-бүлөлүү, бир баласы бар. Кызы Иман Каримова окуусун Лондондо улантып, кээде Өзбекстанга келип турат. Иман Каримова чоң энеси Татьяна Акбаровна Каримова жана таежесинин кызы Мариям Тилляева менен бузулган мамилени калыбына келтирди.
Каримовдордун үй-бүлөсүнүн кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Ислам Каримов каза болгондон кийин Өзбекстандан чыгып кеткен. Ал Ислам Каримов атындагы республикалык коомдук фондду АКШдан башкарат. Ал ошондой эле “The Harmonist” дизайнердик товарлардын брендин негиздеген. Биринчи президенттин жесири Татьяна Каримова Ташкентте жалгыз жашайт. Ал 26-августта 74 жашка чыгат. Бул тууралуу qalampir.uz сайты жазып чыкты.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg