www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи Май райондук соту СИЗО-1де камакта отурган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду 16-июнда камактан бошоткону маалым болду.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылган жана Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыгарылган.
Эске сала кетсек, Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 24-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылдын күзүндө Разаков кызмат абалынан пайдаланып, Б.Мдан 1 млн. доллар биргелешкен иш боюнча акча алып, алдап кеткени айтылган. 2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу милицияга доо арыз менен кайрылып, Разаков камакка алынган болчу.
Булак: NazarNews.kg