www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канча убактан бери эле айтып, какшап жазып жатабыз. Өлкө жетекчилери Ысык-Көлдүн суусу жыл сайын тартылып баратканына түйшөлүп тынчсызданып жыйын өткөргөнүн көрө элекпиз. 

Көлдүн суу жээктен бери жагы 6-7 метр тартылып кеткенин көлгө эс алууга келгендер дагы байкап, кабатырланып жатышат. Мына төмөнкү видеодо мурда көлдүн жээгинде жайгашкан, сууга батып турган аттракциондор, азыр кумга батып көлгө 5-6 метр жетпей алыс калган. Тереңдиги бери жагы 2-3 метр тайыздаганы байкалат. Ушунун өзү эле көл тартылып, бөксөрүп жатканын алаканга салгандай айкын далилдеп турат. Эмнеге анан бул маселеге чоңдор маани бербей, кайдыгер болуп жатышат? Качан көл соолуп калмайын, отура беришеби? Маселени эртелеп чечүү деген жокпу? 

Ушул элибиздин бактысына бүткөн кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактоо ыйык милдетибиз экенин биздин төбөлдөр качан түшүнөт? Деги акыл-эстери ордунда болсо, аракет көрүш парз эмеспи. 

Какаганга муштаган болуп, соңку жылдары көлдүн ичине ар кандай акыр-чикир таштанды толуп, аябай булганып жатат. Ал аз келгенсип дээрлик 90% пансионаттардын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмалары жок. Ушунун баары көлүбүздүн касиетин качырып, кутун учуруп жатат. Көлдүн экологиялык, биосфералык жагымдуу климатын талкалап албайлы десек, тазалыкка, анан жашылдандыруу маселесине олуттуу маани беришибиз абзел. 

Антпесе, колдо бар алтындын баркы жок болуп, Кудай ыроологон Ысык-Көлүбүздү өзүбүз кыйратып жатабыз. Жоготуп алуу оңой. Ордун толтуруу кыйын. Ал түгүл мүмкүн эмес. Аң-сезимди оңдоп, абийирибизге камчы чаппай, көз жоосун алган керемет көлүбүздү кийинки муунга соолутпай өткөрүп берүү биздин милдет.

Ысык-Көлдүн жылдан жылга тартылып баратканы билгенге, түшүнгөнгө кооптуу коңгуроо. Буга эмитеден алдын-алуу иш-чараларын көрүш керек.

Ысык-Көлдүн экологиясын, биосфералык климатын, жанга жагымдуу жаратылышын сактап калалы десек, биринчи тазалыкты сактоону колго алуу зарыл. Анан дагы бир эң негизги көйгөй болгон көл жээгиндеги саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмалары жок пансионаттарды жабыш керек. Бул азыркы учурдун өтө маанилүү талабы.

Мындан сырткары, Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суудан көлгө буруу жагын дагы колго алуу зарыл. Көлдүн суусу тартылып отуруп оор кырдаал жаралганга чейин күтүп отурбай, маселени азыртадан жөнгө салуу кажет. Тартылып, бөксөргөн кенемтени толтуруу үчүн жылына кандайдыр бир көлөмдө Орто-Токой суусун буруп, жылыга агызып туруу милдет. Ошол эле учурда жашылдандыруу жылына үзгүлтүксүз жүрүшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости