www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кол тийбестик укугунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушун иликтеп кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия төрт ирээт жыйын өткөрдү.
Бирок, кандай чечимге келишет айтуу кыйын. Азырынча эч кандай орток пикир табыла элек. Башкача айтканда, башкы прокурордун сунушунун мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин так ажырата албай жатышат.
Бул маселеге тыкыр анализ кылышып, сарэсеп салып жаткан байкоочулардын айрымдары Жогорку Кеңештин депутаттары айла жок Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчиликке тартууга уруксаат беришет дешсе, кээ билери эл өкүлдөрү өздөрүнүн кийинки тагдырларын ойлосо, макулдук беришпейт деген көз карашты карманышууда.
Булак: NazarNews.kg