www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары М.Ж. жана “Кыргызкөмүр” МИнин коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМкнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республиканын энергетика тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.
Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБтин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан КР Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.
КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg