www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эквадордо акыркы сапарга узатуу зыйнатында тирилип кеткен улгайган аял бир жумадан кийин көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, 9-июнда Мартин ооруканасынын (Бабаойо шаары) дарыгери каза болуп калган Белла Монтойянын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен.
Белла өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатында табыттын капкагын тыкылдатып, аны менен коштошууга келгендерди таң калтырган. Ал дароо жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 76 жаштагы аял каталепсия (бир нече күнгө созулушу мүмкүн болгон кыймылсыз абал) абалына кабылган болушу мүмкүн.
Белла Монтойя жети күн жандандыруу бөлүмүндө жаткандан кийин, тагыраагы, 16-июнда Эквадордун Саламаттыкты сактоо министрлиги анын ишемиялык инсульттан каза болгонун кабарлашкан. Министрлик маркум ооруканада жатканда дайыма көзөмөлдө болгонун кошумчалайт.
"Бул ирет апам чындап каза болду. Менин жашоом эч качан мурункудай болбойт", - дейт маркумдун уулу Гилберто Барбера.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, маркум аял биринчи ирет коюла турган көрүстөнгө коюлат.
Эквадордун Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяга катыштыгы бар медициналык кызматкерлер боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылат.
Булак: NazarNews.kg