www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев быйыл Кыргызстандын беделин эл аралык аренада бийикке көтөргөн спорттук иш-чараларды биринин артынан бирин өткөрүп, мыкты деңгээлде уюштуруп, өлкөнүн туусун көтөрчү балбандарыбызга стимул берген үлгү болоорлук алкогоо арзыган жакшы иш жасады.

Мына Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1-4-июнь күндөрү Бишкекте Кааба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналып грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнир өттү.

Ага уда эле, бул маанилүү турнирден тышкары, U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 10-18-июнь күндөрү Азия чемпионаты болду.

Элибиз кан дүргүткөн күрөшкө күбө болуп, черлери жазылса, кыргыздын туусун көтөрчү балбандарыбыз бул абройлуу иш-чарада өздөрүнүн эң жогорку чеберчилигин көрсөтүүгө, тажрыйбалуу атаандаштар менен таймашууга жана эл аралык аренада баалуу тажрыйбага ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Эң негизгиси, өлкөнүн эл аралык деңгээлде беделин көтөргөн, келечек муундун мекенчилдик сезимин ойготкон өтө маанилүү спорттук иш-чара болду.

Айталы, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөн грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнирге З6 өлкөдөн 600 дөй балбан келди. Алсак, 7 олимпиада чемпиону, 17 дүйнө чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, Континент аралык турнирлердин чемпиондору катышып күч сынашты.

Бул мелдештерде Кыргызстан үч алтын, эки күмүш, 4 коло медаль менен эркин күрөштөн биринчиликти ээлесе, жалпы командалык эсепте 2-орунду алды.

Ал эми 10-18-июнь күндөрү өткөн U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү жана Азия чемпионатында дагы Кыргызстандын балбандары ийгиликтерди жаратты.

Кыргызстандык балбандар (U-17) мелдештерде 5 алтын, 3 күмүш жана 5 коло болуп жалпы 13 медалга ээ болушту.

Ал эми U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында дагы жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 2-орунду ээледи.

23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты. Курама команда жалпы 3 алтын, 5 күмүш жеңип, жалпы эсепте 195 упай менен 2-орунду ээледи. 1-орунду 212 упай менен Казакстан курама командасы, ал эми 128 упай менен 3-орунду Индия алды. 

Эркин күрөш боюнча да улуттук курама команда 2-орунду ээледи.  Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашып, Улуттук курама команда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи.

Кыскасы, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев быйыл Кыргызстандын беделин эл аралык аренада бийикке көтөрдү. Мындай жакшы иштерди белгилеп айтуу парз. Кыргыз жакшы иштерди, позитивди дагы көргөндү, айтканды үйрөнөлү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости