www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирманын аскердик төңкөрүшүнө каршы болгондор 13-февралда сегизинчи күн катары менен жапырт нааразылык иш-чараларын улантышты. Хунтанын улам жаңы сынчыларын камакка алышы шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин камалышына карата жалпы нааразылыкты ого бетер күчөттү.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши болсо Бирманын аскердик жетекчилигинен 12-февралдагы резолюциясы аркылуу өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык башкарууну калыбына келтирүүнү жана Су Чжини бошотууну талап кылды.

Ишембиде миңдеген кишилер өлкөнүн негизги ишкердик чордону Янгон шаарында жөө жүрүш жасашты. Аларга тилектеш демонстранттар борбор шаар Найпидо жана башка шаарларда да көчөлөргө чыгышты.

«Түнкүсүн барымтага алууну токтоткула!» деген талап Янгондогу башка ураандардын арасында көтөрүлүп жатты. Бул ураан түнкү камакка алууларды айыптады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости