www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гоголь жана ТүгөлбайАта көчөлөрүнүн кесилишинде Назира аттуу аял арыз ээсин алдап, анын үч айлык кызын К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жиберген “Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала” демекчи, бүгүнкү биздин оомалтөкмөл заманда өзүнүн канынан жаралган наристесин көчөгө таштап койгон же бирөөгө саткан мыкаачылар да көбөйүүдө.
Бирок бул ирет бирөөнүн баласын ортомчулук кылып, башка бирөөгө сатып жиберген окуя катталды. 12майда Бишкектин Гоголь жана ТүгөлбайАта көчөлөрүнүн кесилишинен Назира аттуу аял үч айлык ымыркайды алдамчылык жолу менен К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жибергендиги тууралуу суук кабар уккан адамдын денесин дүркүрөткөн болчу.
Алгач Свердлов райондук ИИБине ЫсыкКөл облусунун 22 жаштагы тургуну кайрылып, чала тааныш 2830 жаштардагы Назира аттуу аялга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Маалыматта 12майда Гоголь жана ТүгөлбайАта көчөлөрүнүн кесилишинде Назира аттуу аял арыз ээсин алдап, анын үч айлык кызын К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жибергени айтылат. “Аталган факты боюнча Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары үч жаран кармалган”, деп билдирди шаардык ИИБден.
Колго түшүрүлгөндөрдүн ичинен ЫсыкКөл облусунун 40 жаштагы жана 35 жаштагы тургундары ымыркайды сатууга ортомчулук кылышкан. Ошондой эле наристени 10 миң сомго сатып алган Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кармалган аялдар Свердлов РИИБине өткөрүп берилген. Үч айлык ымыркай Бишкек шаарындагы балдардын атайын үйүнө соттун чечими чыкканга чейин берилди.
Булак: “Майдан.kg”