www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ляшх районундагы (мурдагы Жергетал району) селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жолдун бир бөлүгү суу алдында калды.

Табият кырсыгы 28-май эртең менен Сугат айылында болгон. Жергиликтүү тургундардын бири билдиргендей, жекшембиде Тажикстан менен Кыргызстанды бириктирген эл аралык жолдун жарым чакырымга жакын бөлүгүн суу каптап, транспорт кыймылы токтотулган.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен Ляхш районунун Сугат айылында сел жүргөнүн ырасташты. Мекеменин маалыматына караганда, жолдун болгону 10-15 метри гана зыянга учураган. «Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланып, келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда. Жеринде куткаруучулар иш алып барууда, олуттуу тынчсызданууга негиз жок», - деп билдирди комитет кызматкери.

Айдын башында Ляхш районунун Алга айылындагы үч үй-бүлө жер силкинүүлөрдөн кийин Кыргызстан тарапка өтүп, анда калып калуу ниеттерин билдиришкен. Алардын турак-жайлары жер титирөөдөн жабыркап, жашоого мүмкүн эмес абалга жеткен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости