www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үмүтүбүздүн каркырасы учуп кетти

Таланттуу обончу, аткаруучу Кубанычбек Ашыралиев 60 жаш курагында 27-май күнү кант диабетинин кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Чыгармачылык байсалдуу өмүрүндө “Уча бер үмүтүмдүн каркырасы”,”Ата-Журт”, ”Энекем”,”Аккуулар”,”Көк-Бөрү гимни”,”МАИ кызматкерлеринин гимни”,”Сары-Челек” өңдүү дагы бир топ сонун чыгармаларды калтырганга жетишти.

А.Жумакматов атындагы камералар хордо, симфониялык оркестрде солист болуп эмгектенип, учурда Кыргыз Улуттук филармониясынын солистти болчу.

Жигит өлбөс болсочу, таланттуу обончунун арабыздан кетиши музыка өнөрүндөгү оор жоготуу.
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жалпы жамааты, филармониянын солистти Кубанычбек Ашыралиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, маркумдун үй бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук  филармониясынын администрациясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости