www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алган-жегич президенттерди көп эле көрүп келатабыз. Алсак, биздин экс-президент Акаев кайниси Равшан Жээнбековду отуз жашка жеткирбей жаш кезинде мамлекеттик мүлк фондун башкарткан. Узак убакыт башкарбаса да, көз ачып жумгуча Жээнбеков үйдү мындай койолу, 200дөй обьектти жакын тааныштарына берип, кайсай койгон. Ал кезде мамлекеттин мүлкү бүт приватташып, жеке менчикке айланып жаткан.

Жалпы элди багып келаткан мамлекеттин мүлкү бир ууч Акаевдик элитанын колунда тийип, жалпы эл четте калган. Кийинки өсүп келаткан жаштар үйсүз калган. Бүгүнкү күнү кудайдын кулагы сүйүнсүн, президент Садыр Жапаров өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына сатып алган үйдү мамлекетке берди.

Бул жакшы саамалык, эгер аны туурап, көптөгөн мурунку бийликте туруп, көп сандаган обьектиге ээ болгондор өз үйлөрүн элге бере турган болсо, үйү жок байкуштар үйлүү болуп, дүйнөдө кыргыздай боорукер калк жок деп, аалам дүркүрөп турмак.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости