www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күндөн-күнгө балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жатканы өкүндүрүп келет. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 57 жаран камалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашканын айткан. 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул билинип калганы эле. Ал эми билинбей калганы канча.
Болжолдуу себептери:
Коомдогу зордук-зомбулуктун көбөйүп жатышына социалдык шарт, ата-энелердин жоопкерсиздиги же ажырашып кетүү, акча табуу үчүн чет өлкөлөргө кетип, балдарын жакындарына тапшыруусу жана башка себептер дешет аналитиктер. Эң жаманы балдарды зордоо, зомбулук көрсөтүү тыйылбай жатат. Соңку жылдарда балдарды зордуктоо боюнча фактылар көп катталып, андан мерт болгондор да бар.
Ал эми балдарга ата-энелик мээримин бербей, керек болсо уруп-соккон фактыларды интернеттен байма-бай окучу болдук. “Сезим” кризисттик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: “Мыйзамсыздык – зордук-зомбулуктардын жайылышынын экинчи себеби. Анткени кылмыш кылып жаткан адам ал үчүн оор жаза алаарын сезбейт” – деп билдирди. Адистердин айтымында, жаш балдарды зордуктоо фактылары да айрымдарда гана коомчулукка ачыкталат. Көп фактылар жабык бойдон калып, мындай балдардан кайра психикасы бузулган инсандар өсүп чыгышы мүмкүн. Жабыр тартуучулардын мындай позициясынан улам, канча кылмышкер тиешелүү жазасын албай жүрөт. Ал эми шектүү деп кармалгандарды деле абакка салуу көп эмгекти талап кылаарын айтышат, балдардын укугун коргоочулар. Анткени мындай кылмыштарды далилдөө өтө кыйын. Сот залынан акталып чыгып кеткендер жок эмес.
Дагы бир жагдай, мындай мыкаачылык өзү кичине кезинде таяк жеп чоңойгон же жашоосу ойдогудай болбой калган адамдардын колунан келет.
Катталган айрым учурлар
• Жакында тайгаланып кетип жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон эле. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, аталган адамды жоопко тартуу тууралуу талаптар айтылган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
• Ал эми үстүбүздөгү февраль айында үрөй учурган дагы бир окуя катталган. Ош шаарында 11-февралда апасы тарабынан депкир менен сабалган 3 жаштагы бала оор абалда ооруканага түшкөн. Бала комадан чыкпай, чарчап калды. Баланын сөөгүн туугандары алуудан баш тарткандыктан соцкызматкерлер жерге жашырышкан.
• 19-февралга караган түнү Аламүдүн районунун Восток айылындагы мал фермада иштеген аял төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгон. Ымыркай баштыкка салганга чейин чарчаганбы же андай кийинби, азырынча аныктала элек. Саат 1.30дар чамасында куткаруучулар Восток айылынын «Александр» мал багуу фермасына барышкан. Бирок ага чейин эле РИИБ кызматкерлери аялды жана ымыркайдын сөөгүн ооруканага алып кетишкен.
Зомбулук көрүп жаткан бала тууралуу маалыматы бар адам күнү-түнү иштеген «111» номерине кайрылуусу зарыл. Бардык чалуулар купуя сакталат. Кошумчалай кетсек, республика аймагында кордолгон үй-бүлө жана балдарга медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүү максатында 64 борбор иштейт.
Булак: "Фабула"