www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүттү "Жашап жаткан" бардык жаныбарлар жакшы көрүшөт, сүйүшөт, баркташат, анткени дээрлик көпчүлүгү сүт эмип торолушуп, сүт менен чоңоюшкан. Бир окуядан кийин муну өзүм деле далилдеп көргүм келди. Ээн жерге челекке толтура сүт куюп коюп койдум дагы, бери жакта эч кимге көрүнбөй, билинбей дүрбү менен акмалап турдум.

Сыягы, аны ичпеген жаныбар калган жок окшойт. Асманда учуп жүргөн кушу да, үй канаттуусу тоогу да, ити да ичип, ага тумшугун матырып кетишти. Бирок бири дагы аны каңтарып, төгүп-чачып ысырап кылышкан жок. Көп өтпөй эле ал бошоп калды.

Ооба, сүттү жаныбарлардын бардыгы жакшы көрүшөрүн аныктадым. Эгерде уулуу жыландын алдына сүт коюп койсоң, бери көздөй өтпөйт, кайра артка кайрылып кетип калат, көрдүңөрбү сүттү жада калса жылан да сыйлайт. А түгүл сууда жашаган ар кандай балыктар да ушул сүт менен торолушат. Муну менен мен эмне айткым келип жатат. Ушундай сут тууралуу окуяга өзүм күбө болдум. Тобо кылып жакамды кармандым. Казакстандын Чүй районунун борборуна поездден кеч келип түшүп Кыргызстанга келе албай калдык, ошол жакта соода кылчубуз. Анан бир бейтааныш эле таксисттин үйүнүн барып түнөөгө туура кел-ди. Боордош казак эли биз сыяктуу эле меймандос келишет. Бизди тааныбаса да үйдөгүлөрү жакшы кабыл алышып сыйлашты. Таксист аябагандай бай жашайт экен, үйүнө экиүч кызматчысы жүрөт. Аялынын колу-буту иштебей шал болуп, керебеттен тура албай жатканын көрдүм. Бизди жакшы коноктоп эртеси күнү узатып жиберишти.

Жолдо келатканда жергиликтүү бир келин менен сүйлөшүп калдым. .

- Чиркин, буларга байлыкты бергени менен башканы бербептир, өзгөчө ден соолукту, - келин алиги таксисттин аялы жөнүндө айтып келатып сөзүн башкага буруп жиберди.

- Колго суу куюп жүргөн бир балага элдин баары "Бактылуу бол, айланайын" деп бата беришиптир. Суу куюп буткөн соң алиги бала ары жакка барып ыйлап ки-рет. Коноктордун бардыгы ага таң калыша "Биз аны эмне кылып таарынтып койдук?" дешип бири-бирин карашат.

Анан бирөөсү анын жанына барып "Сага эмне болду, эмнеге ыйлап жатасың? Биз жакшы эле батабызды бербедикпи?" деп сурайт.

Ыйлап жаткан бала ыйын токтотуп, минтет дейт "Бардыгы эле мага бактылуу бол деп бакыт каалашты, бирок бири да өмүрдү, ден соолукту ыйгарышкан жок".

Ооба, анысы сынарындай силер конуп кеткен үйдөгүлөр аябай бай болушканы менен үй-бүлөсүнө ден соолук, өмүр бербептир. Алиги шал болуп керебетте кыймылдай албай жаткан аял өзүнүн кара башына өзү тилеп алды окшойт. Менимче ага актын же тагыраак айтканда, сүттүн кесири тийип кетти. Муну мен эмес бардыгы эле айтып калышат.

Убагында ал келин бул жакта сүт ферманын директору болуп иштечү. Анын фермасы сүт ушул аймактагыларды сүт, айран, быштак, каймак менен камсыз кылып турчу. Райондун борборунан баштап ар бир айылдардагы дүкөндөргө жет-кирилип барчу. Үйүндөгү жанагы сиз көргөн байлыктын бардыгы ошол сүттөн келди. Убагында "левыйды" аябай көп жасачу. Өзү түгүл иттери да сүттү чанып калган. Уй фермасында эки-үч миңдей уй каршлып, бардыгы саалып, сүт тарткан машинелери менен күнүнө эки-үч сыйрадан райборбордун ар кайсы түйүндөрүнө, айылдарга жеткирилип турчу. Азыркы заңгыраган, өзгөчө салынган кычыраган үйдү ошол мезгилде салган, үйүндөгү толгон-токой эмеректер да ошол кездеги эмеректер. Анын иши ушунчалык жакшы жүрүп, гезит-журнал, теле-радиодон тынбай жарыяланып калган. Өзү дагы элди тааныбай манчыркап кеткен. Адам жылкы мүнөз деген чын, бийлиги менен байлыгына ушунчалык көзү май басып, өзүнүн төмөн жактагыларын тааныбай бараткан. Мен муну сынтагып айтып аткан жокмун, таба кылган деле жокмун, Кудай өзү кечирсин, аны сөз кылып атканыма.

Чиркин убагында ал акчаны аябай эле жакшы жасаптыр. Арийне, акча, байлык адамды аябай эле манчыркатып көптүрөт экен да. Көпчүлүк ага кошомат жасай баштагандыктан, өзүн тим эле булуттун үстүндө жүргөндөй сезип кеткен. Ошол кездеги абалы менен азыркы абалын салыштырып болбойт. Бир туруп бооруң ооруп кетет, бир туруп "Ушуну көрмөк элең көрдүң" деп, биз дагы анүчүн Кудайдан кечирим суранабыз. Кыскасы, Кудайды тааныбай кеткен, мына ошонун жазасын алды. Сүттөн эле киреше түшүп кутуруп кеткенин ушундан бил, балдарын киринткенде дайыма сүттү жылытып сүт менен киринтчү. Атүгүл өзү дагы ваннага түшкөндө ичин толтура кылып жаңы гана саалган сүттөн куюп, сүт менен жуунчу. Албетте, аны мен өз көзүм менен көргөн жокмун дечи, бирок дайыма эле көрүп жүргөндөр бар экен. Анын алдында кызмат кылып жүргөн бир жаш кыз бар болчу, ошонун өз оозунан уккам. Кандай кылып ваннага дайыма сүт жылытып толтуруп берип турга-нын. Кээде ал кыз өзү сүт менен аны жуундурганга жардам берчү бара көнүп кетиптир.

"Күнүнө Кудайдан кечирим сурап турчумун" дейт ал. Ушул актын кесири тийди деп айтып калышат. Экинчи класста окуп жүргөн бир баласы каналдагы сууга чөгүп өлдү. Ошондон баштап балээнин баары башталды аларга. Бир жарым жаштагы баласы газдагы казанда бышып аткан сорпону тартып ийип реани-мацияда каза болду. Ал эми мына, өзүнүн колу-буту иштебей шал болуп калганына он эки жылдын жүзү болду. Ошондон бери кыйналып азап тартып келет. Ал күтүлбөгөн жерден ооруп калды дагы, доктурлар күчтүү дарыларды сайганына карабай өзүнөн өзү эле колу-буту иштебей шал болуп калбадыбы. Адегенде колдору иштебей калды, анча-мынча басып жүрчү. Акыркы мезгилде буттары да иштебей, төшөктөн тура албай калды.

Үч баласы бар эле, мындан эки жыл мурун бой жетип калган баласы авариядан каза болду. Күйөөсү экөө эле калышты үч баласынан тең ажырап. Күйөөсү бол-со кез-кез таксилик кылып коёт. Убагында жакшы эле турушту булар да. Кудайга тобо, көрбөйсүңбү, азыр деле жаман турушпайт. Үйүндө эки-үч кызматчысы бар. "Буга сүттүн же тагыраак айтканда, актын каргышы тийип кетти" деп элдин баары эле айтышат. Жолдо келе жатып өзүмчө ойло-нуп койдум. "Чын эле сүттү анчалык кор кылбаш керек, белгилүү падыша аял Екатерин дагы сүткө жуунчу экен, анын дагы аягы кандай кайгылуу окуя менен аяктады".

Ушул окуядан кийин жалпы эле окурмандарга айтар элем "Сүттү кордобогула!" деп.

Назира Калмухамбетова, Казакстан, Чүй ооданы

Булак: "Шамбала"

Последние новости