www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Бишкек – Кара-Балта унаа жолуна жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу зарылдыгына көңүл бурууну суранды.
Анын айтымында, ал жердин жанында мектеп жайгашкандыктан, унаалардын көптүгүнөн мектеп окуучуларын сүзүп кеткен учурлар көп катталууда.
Транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев үстүбүздөгү жылдын титулдук тизмесине унаа жолдун 28-чакырымына жер астындагы өтмөк куруу киргизилгенин жана буга 10 млн сом каржылоо каралганын маалымдады.