www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек 625 чакан автобус сатып алат

 Учурда Бишкек шаарында жалпы 1567 автобус каттамда жүрөт, дагы жаңы 625 автобус (узундугу 8 метр) сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында 1567 автобустун ичинен 350 автобус - 12 метрлик, калгандары 10,5 метрлик. Булар көп жүргүнчү бата турган автобустар болуп эсептелет.

Ошондой эле ал жаңы 95 Yutong үлгүсүндөгү автобустар каттамга качан чыгарына токтолду.

"Азыр алар бажы текшерүүсүнөн өтүүдө. Номердик белгилер алынгандан кийин дароо каттамга чыгат",-деди ал.

Директор белгилегендей, жаңы автобустарды сатып алуу жана тендер өткөрүү иштери мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

“Бардык процедуралар мыйзамдын чегинде жүргүзүлүүдө. Азыр баалары менен техникалык абалдары байкалууда. Алдын ала айтылгандай, бул автобустар кондиционер менен жабдылышы керек жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу болушу зарыл”,-деди ал.

Последние новости