www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев элдин чекесин жылыткандай иштей алган жок. Мэр болгондон бери ыраазы болуп, маңдайы жарыла кубанган шаар тургундарын күндүзү чырак кармап издесең да таппайсың. Ар дайым сын-пикир арбын айтылат.

Мына жай бою башаламан жабылган жолдордун айынан борбор калаада тыгын көйгөйү шаардыктардын көкөйүнө көк таштай эле тийди. 

Мындан тышкары, троллейбус каттамдарынын токтотулушу жана линияларынын алынуусу, коомдук транспортко көз каранды жашоочулар үчүн чоң көйгөй жаратты. Анан айран тургай табыгыңды таап ал болгон соң, мэриянын “трамвай куруу” демилгеси эл арасында күлкү жаратты.

Ырасында, калаа башчысынын ишмердүүлүгүнөн конкреттүү натыйжа көрбөгөн шаардыктар “мэр иштин көзүн билбей, борборду жүдөтүп койду” деп нааразы болушууда. Айрымдар иштей албаган соң намыс кылбастан Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевден үлгү алса болмок деп айтып жатышат. Тилекке каршы, бул сөздөр ага сиңер эмес.

Последние новости