www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын бир нече штатында 4-ноябрда губернатор, мэр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо жараяны өттү. Натыйжада, өлкөнүн эң белгилүү, эн чоң жана эң бай шаары Нью-Йоркто 34 жаштагы демократ саясатчы Зохран Мамдани добуштардын 50,4% алып, мэр болуп шайланды. Ал шаардын тарыхындагы алгачкы мусулман жетекчи, соңку жүз жылдыктагы эң жаш мэр болуп калды.

Мамдани Угандада, теги индиялык үй-бүлөдө туулган. Апасы Мира Наир - белгилүү инд-америкалык кинорежиссер, атасы Махмуд Мамдани - инд тектүү угандалык окумуштуу. АКШга алар уулу жети жашында көчүп барышкан. Американын жарандыгын болочок мэр 2018-жылы алган, быйыл жыл башында теги сириялык Раме Дуважиге үйлөнгөн. 

Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн Мамдани Нью-Йоркту кирешеси анча көп эмес адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шаарга айландыруу урааны менен өткөрдү, турак жай ижара маселесин жеңилдетүү, бекер ташый турган автобустарды жүргүзүү, арзан дүкөндөрдү жана бекер бала бакчаларды ачуу сыяктуу убадаларды берип келди.

Шайлоодо Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору, партиянын жогорку жетекчилиги арасында фаворит болгон Эндрю Куомодон озуп чыкты.

Последние новости