www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы шаардагы балдар үчүн батут, ижарага велосипед берүү жана жайма базарларга убактылуу тыюу салды. Баш калаанын бийлиги муну санитардык коопсуздук чаралары деп түшүндүрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызмат билдирди.

Мэрия эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандар көбөйүүдө.

14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен.

Президент Сооронбай Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости