www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус расмий катталбаган Түркмөнстанда, айрым кабарларга караганда, эки чоң оорукана карантинге алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары өздүк булактары жазып чыгышты.
Ашхабаддагы инфекциялык ооруканада иштегендерге бир нече күн бою ал жактан чыгууга жана телефондорун пайдаланууга тыюу салынды. Атын атабаган кызматкерлер оорукана пневмонияга чалдыккан бейтаптарга толуп калганын, оор абалдагылар жана көз жумгандар бар экенин айтып беришти.
Лебап облусундагы Түркмөнабад шаарынан келген расмий эмес маалыматка ылайык, жергиликтүү ооруканада иштеген медайымдын анализинен экинчи жолу коронавирус табылгандан кийин ал жер жабылды.
Аттарын атабаган булактар полиция оорукананы курчоого алганын, медициналык кызматкерлерге пандемия башталгандан бери биринчи жолу жеке коргоочу каражаттар берилгенин айтып беришти.
Дагы бир булактардын айтымында, бийлик коронавирус катталганын расмий жарыялоого даярданып жатат. Бирок муну тастыктаган же төгүнгө чыгарган расмий маалымат алуу мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg