www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Маданият министрлигине айып пул салды

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тартип жана тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаар тургундарынан Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай, таштандыга толуп кеткендиги боюнча көп кайрылуулар келип түшкөн.

СЭИ кызматкерлери тарабынан сейил бактын айланасы таштандыга толгону аныкталып, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бузууларды четтеттүү үчүн эскертүү берилген, бирок коомдук жай тазаланган эмес.

Буга байланыштуу, министрликке «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган.

  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости