www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ Карабактагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Мекеменин 30-сентябрда тараткан маалыматында Кыргызстан тараптарды сабырдуулукка чакыра турганы айтылат. Чатактын аймактык бүтүндүк жана эгемендик принциптеринин сакталышы менен тынчтыкта чечилишин колдой турганы белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан талашты чечиш үчүн конструктивдүү сунуштардын иштелип чыгышын кубаттайт жана 1994-жылы кол коюлган Бишкек протоколуна байланыштуу тарыхый тажрыйбага таянып эки тарапка тең жардам берүүгө даяр экени кошумчаланган.

Эске сала кетсек, Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган. Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да каза болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жайкын тургундар арасында 30дай киши жабыр тартканын кабарлады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости