www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык мэриясында "Ош базарынын" айланасында жайгашкан мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүү иштерин тартипке салуу максатында жыйын өтүүдө. Ага Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев катышып жатат. Жыйындын жүрүшүндө буга чейин аталган маселе көтөрүлүп, мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөндөргө эскертүү берилип келгендиги айтылды.
"Мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн соодагерлер менен сүйлөшүүлөр буга чейин жүргүзүлгөн. Бирок алар соодасын улантып келген. Күчөтүлгөн режимде рейддерди жандандырганбыз. Алар буга нараазычылыктарын билдирген. Ал жерлер автоунаалар коюлуучу, элдер өтчү жерлер. Аталган жерде соода-сатык жүргүзүүгө болбойт. Провокация кылгандардан суранат элек мыйзамдуу түрдө соодаларды алып барсак", - деди Чыныбаев.
Булак: NazarNews.kg