www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус курмандыктарын шам жагып эскерүү акциясын демилгеледи. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-августта Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган "Эскерүү шамы" акциясын өткөрөт.

"Урматтуу шаардыктар! 29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган "Эскерүү шамы" акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели",-деп мэрия билдирүү таратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости