www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Чоң Казат" партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди.

Боршайком мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын Facebook, YouTub жана Instagram соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты.

"Чоӊ Казат" партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага катышкысы келерин билдирип 44 саясий партия катталган. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) соттук териштирүүгө байланыштуу катталган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости