www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды.

Орунсуз жерге КРдин мамлекеттик символикасы камтылган жарнаманы Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар жиберди. Алар популярдуу америкалык интернет дүкөндөрдүн жана соода тармактардын сайттарына жайгаштырылган. Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча үн катып, жосунсуз жорук экенин белгиледи.

"Бизде желектер тартылган футболкаларды, баш кийимдерди кийишет, айрымдар кийимдин ар кайсы бөлүктөрүнө символ коюшат. Бирок бул сатуучулар сунуштаган нерсе моралдык жактан туура эмес деп ойлойм", — дейт министр Азамат Жаманкулов.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 175-беренесине ("Мамлекеттик символдорду мазактоо") ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, I категориядагы айып пул (20-30 миң сом) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келери айтылат.

Электрондук коммерциялык аянтчаларда башка мамлекеттердин да желек, туусу сатыкта турат.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Бишкекте пенсиядагы айым компаниялардын биринин жанындагы аймакты тазалап жатканда желектин сүрөтүн ленталарга салып, аларды автоунаа токтоочу жайдын тосмосу катары кызмат кылган кабель менен байлап койгону үчүн айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости