www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-августка караган түнү Москванын Студенческая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин подъездинен 1 жаштагы бала табылган. Өтүп бара жаткан бир адам подъезддин алдында ичинде ыйлап жаткан бала бар колясканы кокусунан көрүп калып, полицияга кабарлаган. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бала балдар клиникасына жеткирилип, полиция анын энесин издеп баштаган.

Баланын апасы тез эле табылган. Баланын ата-энеси кыргыз жарандары болуп чыккан, алар эки жума мурун уруша кетип, аялы күйөөсүнөн кетип калган. Наристе чоң атасы менен чоң энесинин колунда калган. Бирок, баланы кароо көйгөйү жаралган.

Ошол күнү атасыбаласын алып аялына келген, бирок экөө уруша кетип, баланы подъезддин алдына жалгыз таштап кетип калышкан.

Учурда бул ишти прокуратура иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости