www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Федералдык медициналык-биологиялык агенттиги ата мекендик "Лейтрагин" дарысын патенттегенин РИА Новости жазып чыкты.

Аталган препарат коронавирустун кесепеттеринен айланып өтүүгө же ооруну жеңилдетүүгө жардам берет. Ошондой эле ткандардын айыгышын жана калыбына келишин шарттап, иммундук жоопту кайтарууга активдүү катышат.

"Бул дүйнө жүзүндө практикалык медицинага алгачкы жолу чыккан дельта-опиоиддердин рецепторлорунун агонисти", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Россия COVID-19га каршы "Авифавир", "Арепливир" жана "Коронавир" деп аталган дарыларын иштеп чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости