www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга шектелип камакка алынган Албек Ибраимовдон кийин Бишкек шаарына мэр болуп ким келет деген кызуу талкуулар күч алган кез. Бишкек шаарды кенештин көпчүлүк коалициясы ЖКнын мурдагы депутаты Азиз Суракматовду көрсөттү. Өмүр баянын карап көрсөк, инженер-куруучу Суракматов Эмилбек аксакалдын уулу экен.
Эмилбек аксакал өмүр бою курулуш тармагында эмгектенип, уулун дагы өндүрүштүк жана жарандык курулуш кесибине окутуптур. Айтылуу “Елизавета” курулуш компаниясы дагы атасы аркылуу түптөлүп, үй-бүлөлүк бизнес болуп, шаардагы сапаттуу көп кабаттуу үйлөрдү курган компания экенин көпчүлүк билет. Азиз Суракматов Бишкек шаарында туулуп-өскөн, иштеген, борбор калаанын көйгөйлөрүн жакшы билген киши. Эмгек жолун Фрунзе ПМКсында өндүрүш мастери болуп баштаптыр.
Андан соң Токмок ремонт курулуш башкармалыгында мастер, Бишкек башкы архитектурада инженер, архитектор, юрист, Бишкек мэриясында бөлүм башчы, Бишкек архкурулушта, Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектенген.
Учурда үй-бүлөлүк “Елизавета” компаниясында инвестиция тартуучу директор болуп иштеп жатыптыр. Татыктуу тарбия алган бул жигит эми Бишкек шаарын гүлдөтүп, архитектуралык жаңылыктарды киргизип, эң башкысы, коррупциялык иштерге аралашпай, тескерисинче, мэриядагы, оболу ошол эле Бишкек башкы архитектурадагы коррупциянын тамырын кыркып, жер махинацияларына бөгөт коюп, көмүскө схемаларды ачыктап, кыргыз үчүн күйүп иштесе. Эгерде андай иштейТ албаса, элдин жана мамлекеттин укуругу узун – тез эле эсине келтирип коет.
Бирок, үмүттүн оту акыркы өчөт дегендей, үмүттөнүп туралы. 47 жаштагы Суракматов теги Чүйдүн Асыл-Баш айылынан болот. Фрунзеде туулуп-өскөн Азиз Суракматов эми Бишкекти Фрунзедей гүлдөтөр.
Булак: NazarNews.kg