www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раимбек Матраимовдун соттон жеңип чыгышы коомчулукту ары-бери дүргүтүп жаткан чак. Бирок, бирөө билип, бирөө билбей эле ой кошуп жаткан кезде маселенин маңызына тереңирээк маани берүү көпчүлүктүн мээсине келбейт тура. Болгону ага болгон терс пикилердин аң-сезимге терең сиңип калгандыгынан улам укуктук талаанын эрежелерин четке сүрүп коюп, жеке позиция аркылуу асылып кирген канчалык туура? Ооба, Р.Матраимовду “Раим-миллион” атыктырган объективдүү жана айрым учурларда накта субъективдүү негиздер болгон, ага карата туура да, калпыс да маалыматтык чабуулдардан улам эл көзүнө желмогуздун кейпинде таанылып калган. Бирок, маселени укуктук талаанын эрежелери жана мамлекеттик бюрократиянын логикасы аркылуу караганды да кээде унутпаш керек эмеспи.
Эсибизде болсо, былтыр ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовду кызматынан алган. Бирок, ага макул болбогон экс-бажычы быйылкы жылдын апрель айында премьердин буйругунун мыйзамсыздыгы боюнча райондук сотко даттанган. Ал өзүн кызматтан саясий себептер менен алганын, болбосо аны четтетүүгө эч кандай укуктук негиз болбогонун билдирген. Райондук сот анын арызын карап, кечээ ага карата чыккан буйрукту мыйзамсыз деп тапкан чечим чыгарды. Бул чечим албетте Р.Матраимовдун мурунку кызмат ордун кайра калыбына келтиришине мыйзамдык шарт түзөт.
Бирок, көңүлдү буруучу маселе – ал, биринчиден, соттун биринчи тепкичин гана басып өттү. Расмий документтер аркылуу гана баа бере алган сот анын кызматтан алынышында олуттуу аргументтин жоктугун аныктады. Р.Матраимов экс-президент А.Атамбаев менен чырлашып калгандан улам гана кызматынан кол жууп калган. Атамбаев өзү да бул боюнча С.Исаковдон талап кылганын айтпады беле? Бирок, алдыда дагы шаардык жана Жогорку сот турат, алардын биринчи чечимди кандай деп табышаары али белгисиз. Экинчиден, өкмөт бул маселе боюнча пикирин билдирип, кийинки инстанциялардын чечимдерин күтүшөөрүн, ага чейин “Раим-миллионду” кучак жайып тосуп алуу ниетинде эмес экенин айтпадыбы. Ким болбосун – ал жөнөкөй жаран болобу, министр-өкмөт-президент болобу – мыйзамдын, соттун чечиминин алдында бирдей экендиги дайын. Өкмөт да бул жерде ошол багыт менен эле бараткандай. Мыйзам боюнча эгерде экс-кызматкер соттошуп, өзүнүн чындыгын далилдей алса, анда так мурунку ордуна же ошого тете башка кызматка жайгаштырылышы кажет. Эгерде жеңүүчү кызматкер булардын баарынан баш тартса, анда ал өзүнөн көрөт. Ушул жерде өзүнөн-өзү үчүнчү жагдай чыгып жатат. Маалыматтар боюнча, Р.Матраимов сотто жеңгендигине карабай, мурунку кызматына кайра барып отурбайт. Ага мурунку бийлик аны кызматынан негизсиз алганын далилдеп, өзүнүн чындыгын коргоп алса – ошол эле жетишет. Демек, аны тегерегиндеги маселе ушул жерден так кесе токтоп, уу-дуу кептин аягы сайга өзүнөн өзү сиңип кетиши керек. Урунаар тоо менен согушаар ажыдаар көздөн кайым болду.
Мындан тышкары, “Раим-миллиондун” сотто акталышына президенттин атын оңду-солду жамай бергенден адамдын оозуна эле күч келбесе, башка жыйынтык болбошу керек. Анткени, ажо тергөө, сот иштерине кийлигишпесин, булганып тепсендиде калган калыстык менен адилеттикти кайра калыбына келтирүүгө бар күчүн жумшаарын такай айтып келатат. “Раим-миллиондун”, Ө.Текебаевдин, С.Жапаровдун ж.б. акыйкат таппай жатышынан С.Жээнбековдун изин издеш – бул болгону мурунку бийликтен алган жаман сабактын инерциясы болушу мүмкүн. Ай-талаадагы көйгөйлөрдүн баарынын тамырын Ак үйдөн издеп көнүп калган жанбыз. Бизди ушундай люмпендик адатка Атамбаев катуу үйрөтүп кетти.
Булак: NazarNews.kg